ЖМК: Гүлнара Каримованын байлыгынын көбүн эки мамлекет бөлүп алышы мүмкүн

© Sputnik / Валерий Левитин / Медиабанкка өтүүДень рождения основателя ювелирного дома De Grisogono
День рождения основателя ювелирного дома De Grisogono - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылы июль айында Өзбекстандын бийлиги Гүлнара Каримова камалып, ага карата козголгон кылмыш иштери иликтенип аягына чыгарын билдирген

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримованын Швейцарияда тоңдурулган 800 миллион франкынын (784 миллион доллар) басымдуу бөлүгүн АКШ менен Голландия мамлекети алышы мүмкүндүгүн Le Temps гезитине таянуу менен РИА Новости агенттиги билдирди.

Показ GULI, авторского бренда Гульнары Каримовой, на Неделе моды Merсedes-Benz Fashion Week - Sputnik Кыргызстан
Гүлнара Каримованын миллиарддаган байлыгы кайсы өлкөлөрдө сакталганы ачыкталды
Басылманын маалыматына ылайык, бул жумада Швейцариянын Берн шаарында Каримованын ишин алып барган Башкы прокуратура Федералдык юстиция офиси, Эл аралык иштер боюнча федералдык департаменти жана Өнүгүү, кызматташуу департаменти менен биргеликте купуялуу жолугушууларды өткөргөн. Алар Каримованын Женевадагы Lombard Odier жеке банкындагы акчасын кантип которуунун жол жобосун талкуушууда. Жакын арада алар бир чечимге келиши ыктымалдыгын басылманын ишенимдүү булагы маалымдаган.

АКШ тоңдурулган каражаттын 550 миллион долларын "өзбек кланы финансылык көз боёмочулукту ишке ашырууда Американын банктарын жана долларды колдонгон" деген жүйө менен талап кылууда. Ал эми Голландия талап кылып жаткан каражаттын көлөмү так айтыла элек.

Le Temps басылмасынын билдиришинче, тоңдурулган каражаттарды Каримава түрдүү телекоммуникациялык компаниялардан пара катары алган.

Белгилей кетсек, 2013-жылы октябрда Гүлнара Каримовага карата 2001-2013-жылдары уюшкан кылмыштуу топтун курамына кирип алып опузалоо жана салык төлөөдөн качкан деген кине менен кылмыш иши козголгон. 2015-жылы августта сот аны беш жылга камаган.

Резиденция президента Узбекистана Ислам Каримова - Sputnik Кыргызстан
Ташкентте Ислам Каримовго эстелик тургузулду
2016-жылы сентябрда Ислам Каримов каза болгондон кийин Гүлнара Каримова өлдү деген маалымат тарап, кийин ал тастыкталган эмес. Анын Женевадагы адвокаты 2016-жылы декабрда Каримованы көргөнүн айтып, бирок ал кармалган жердин абалы эл аралык нормаларга туура келбей турганын билдирген.

2017-жылы июль айында Өзбекстандын прокуратурасы Каримова камалганын билдирип, ага карата козголгон кылмыш ишине дагы башка иштер кошулуп тергелерин маалымдаган. Ага козголгон эки кылмыш иши боюнча мамлекетке келтирилген зыян азыркы курс менен алганда 2 миллиард долларды түзөрү айтылган. Өзбекстан Каримованын 12 мамлекеттеги 1,5 миллиард доллардан ашык байлыгын камакка алууну демилгелеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0