Өзбекстанда Шахзода, Райхон баштаган 100дөй артист пахта терүүгө чыкты. Сүрөттөр

© Sputnik / Расул УсеналиевПахта жыйноо. Архив
Пахта жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын бийлиги соңку учурларда эмгекке чакырган пиар-акцияларды тынбай өткөрө баштады

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Өзбекстанда 100дөн ашуун белгилүү кино жана эстрада жылдыздары фан-клубдары менен кошо талаага пахта тергени чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди.

© © SputnikӨзбекстандын белгилүү ырчысы Шахзода пахта талаасында
Звезды Узбекистана на сборе хлопка - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандын белгилүү ырчысы Шахзода пахта талаасында

Жылдыздар Ташкенттин Бектемир районундагы талаалардын биринде иштешкен. Алардын арасынан Шахзода, Райхон, Мавлюда Асалхужаева, Зиёда, Алишер Файз, Гиёса Бойтоева, Махмуда Намозова, Улугбек Халиков, Алижон Исаков, Юлдуз Усманованы көрүүгө болот.

© © SputnikПахта теримге чыккандардын арсынан Юлдуз Усманованы да көрүүгө болот
Звезды Узбекистана на сборе хлопка - Sputnik Кыргызстан
Пахта теримге чыккандардын арсынан Юлдуз Усманованы да көрүүгө болот

Өзбекстандыктар бул пиар-акция боюнча социалдык тармактарда түрдүү пикирлерди калтырууда. Көпчүлүгү өлкөнүн педагогдорун пахта терүүгө мажбурлап алып чыгып жатканда артисттер минтип жөн гана өзүн көрсөтүү үчүн чыгышууда деп терс кабылдашууда.

© © SputnikӨзбекстандын 100дөн ашуун кино жана эстрада жылдыздары фан-клубдары менен кошо талаага пахта тергени чыгышкан
Звезды Узбекистана на сборе хлопка - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандын 100дөн ашуун кино жана эстрада жылдыздары фан-клубдары менен кошо талаага пахта тергени чыгышкан

"Менин ата-энем дарыгер. Алар 10 жылдан бери пахта теримге калбай чыгышат. Биздин жылдыздар Ташкенттен алыс чыга албай талаада чартаңдап ойноп келишти. Мындан биздин жылдыздар уялбайт бекен деп сурагым келди. Ал эми карапайым калк ысыкка күйүп, суукка тоңуп план толтуруу үчүн иштеп жатышат", — деп жазган колдонуучулардын бири.

© © SputnikЖылдыздар Ташкенттин Бектемир районундагы талаалардын биринде иштешкен
Звезды Узбекистана на сборе хлопка - Sputnik Кыргызстан
Жылдыздар Ташкенттин Бектемир районундагы талаалардын биринде иштешкен

Белгилей кетсек, Өзбекстандын бийлиги соңку учурларда ушуга окшогон пиар-акцияларды тынбай өткөрө баштады. Буга чейин да пахта теримге олимпиада чемпиондору жана футболдук клубдун өкүлдөрүн алып чыккан. Өкмөт бул менен жарандардын эмгегин колдонуп талаага мажбурлап алып чыккан өлкөнүн имиджин өзгөртүүгө аракет көрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0