БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Интернетте хит болгон "Зың-зың" ырынын автору Болат Нуримов каза тапканын Sputnik Казакстан жазып чыкты.
Агенттиктин өздүк булагынын айтымында, учурда Болаттын жакындары менен достору акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу менен алек. Өнөрпоздун каза болгонун ырчы Серик Ибрагимов дагы ырастады.
"Бул сүрөттө менин иним жана досум Болат! Эми ал биздин арабызда жок. Ал абдан жөнөкөй жакшы адам эле. Келгиле, дуба кылалы", — деп өзүнүн Instagram баракчасына жазган.
"Зың-зың" ыры социалдык тармакка чыгар замат вирустук видеого айланган. Популярдуулуктун туу чокусун Jokeasses вайнерлеринин клиби алып келген.
Юмористтердин YouTube каналындагы композициясын миллиондон ашык адам көргөн. Ушул эле клип Instagram тармагынан жарым миллион жолу көрүлгөн. Буга чейин Нуримов бул композицияны аткарып, бирок өчүрүп салса дагы интернетке тарап кетип, популярдуулукка ээ болгонун билдирген.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Нур-Султан шаарында 14 жашка чейинки балдар арасында коронавирус жуктургандардын саны үч эсе көбөйүп, шаардын санитардык дарыгерлери коңгуроо кагууда. Бул тууралуу шаардын мамлекеттик санитардык башкы дарыгери Сархат Бейсенованын айтымына таянып Sputnik Казакстан кабарлады.
Белгилей кетсек, эпидемиологиялык абал боюнча Нур-Султан шаары бир айдан бери кызыл зонада. Калаада күн сайын 350дөн 650гө чейин жаңы учур катталууда.
"14 жашка чейинки балдар арасында коронавирус жуктургандардын саны апрелде тездик менен өсүп, үч эсеге көбөйдү. Алсак, январда 571, февралда 479, мартта 1 106 болсо, апрелде 1 790го жетти. Балдар эле эмес чоңдор арасында да ооругандардын саны көбөйдү. Ошол эле учурда мектептерде чектөө киргизилгенден улам апрелде окуучулар арасында оору жуктургандар 0,8 пайызга азайган", — деген Бейсенова.
Буга чейин ал коронавирус 3 жаштан 10 жашка чейинкилер арасында көп табылып жатканын айткан. Башкы дарыгер мартка салыштырмалуу апрелде улгайгандар арасында да коронавирус илештиргендердин саны 2,2 пайызга өскөнүн кошумчалады.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстан Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, электр энергиясы өлкөгө импорттоло баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.
Эске салсак, бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычындагы суу былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиард куб метрге аз. Бул өлкөгө электр энергиясын сырттан алып келүү зарыл дегенди түшүндүрөт.
"Товар алмашуу шарты менен биз Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат алуу тууралуу сүйлөштүк. Электр энергиясы импорттоло баштаган. Бул иш быйыл жана кийинки жылдын биринчи кварталына чейин уланып, жай мезгилинде тыныгуу болуп турат. Электр энергиясын кайтарып берүү жайында башталып, карызды үч жылдын ичинде берип бүтүп калабыз", — деди Турдубаев.
Ал быйыл Казакстан Кыргызстандын энергосистемасына 900 миллион киловатт-саат бере турганын белгилеп, коңшуларга кайра Токтогул суу сактагычына эквиваленттик көлөмдө суу топтоп, камсыздап бере турганын кошумчалаган. Муну менен Кыргызстан үч жылдын ичинде миллион киловатт-сааттык сууну коё берип, ошону менен кутулат.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстанда россиялык "Спутник V" вакцинасы менен эмдөө башталып, алгачкылардан болуп аны белгилүү хирург Мамбет Мамакеев алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
"Дарыгер Мамбет Мамакеев "Спутник V" вакцинасын алгачкылардан болуп алды. Препараттын бул партиясы 65 жаштан жогоркуларга жана өнөкөт оорусу бар жарандарга сайылат. Ал эми биринчи этапка кирген топ мурдагыдай эле Кытайдын Sinopharm вакцинасын алуусун улантышат", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, кечээ, 22-апрель күнү, Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы жеткирилди. Анын 15 миң дозасын Кыргызстан сатып алды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет.