Казакстанда бешинчи кабаттан кулаган бөбөктү жолоочу тосуп калды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүГорода России. Троицк
Города России. Троицк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алты жашар бала олуттуу жаракат алган эмес

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Казакстандын Костанай шаарында бешинчи кабаттан кулаган алты жашар баланы жолоочу тосуп калганын Sputnik Казакстан агенттиги "Костанай жаңылыктары" басылмасына таянып билдирди.

Учурда бала ооруканага алынып келип, сынык бөлүмүндө дарыланууда.

"Ал кайра жандандыруу бөлүмүнөн палатагы которулду. Бактыга жараша операциянын жардамы тийген жок. Бала башынан жаракат алган", — деп шаардык оорукананын башчысы Игорь Белобржицкий билдирген.

Учурда алты жашар бала кантип терезеден кулап кеткени териштирилүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0