Ташкенттеги эт цехинен эшек эти табылды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүКомпания "Калининградский деликатес"
Компания Калининградский деликатес - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Өзбекстандын борбор калаасы Ташкент шаарынын Алмазар аймагында жайгашкан "Шаршара" эт цехи өз продукцияларында эшек этин колдонгонун өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

Ага ылайык, аталган цехке Хорезм облусунан 70 килограм эшек эти алынып келип, башка эт менен аралыштырылган. Жалпысынан талаптарга жооп бербеген 275 килограмм эт табылган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0