Кытайда жыгачтан салынган Азиядагы эң бийик мунара күйүп кетти

© REUTERS / StringerПожар в пагоде в храмовом комплексе на юго-западе провинции Сычуань. Китай
Пожар в пагоде в храмовом комплексе на юго-западе провинции Сычуань. Китай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилсиз жоо эки кабаттуу сыйына турчу имаратты дагы жок кылган

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кытайдын Сычуань провинциясынын түштүк-батышында жайгашкан чиркөө комплексинде жыгачтан салынган Азиядагы эң бийик мунара күйүп кетти. Бул тууралуу China Global Television Network (CGTN) каналы YouTube каналына жарыялады.

Маалыматка ылайык, мунараны сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Видеодо жалын жалмаган мунара жерге урап жатканын көрүүгө болот.

CGTN каналы билдиргендей, 16 кабаттуу бул мунара Азиядагы жагычтан салынган эң бийик курулуш болуп эсептелчү.

South China Morning Post басылмасы жазгандай, өрт төрт саатта араң өчүрүлгөн. Андан сырткары, тилсиз жоо эки кабаттуу сыйына турчу имаратты дагы жок кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0