Казактар КВНдин жогорку лигасында биринчи жолу чемпион аталды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүМузыкальный фестиваль "Голосящий КиВиН 2016" в Светлогорске
Музыкальный фестиваль Голосящий КиВиН 2016 в Светлогорске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КВНдин жогорку лигасынын финалы Москвадагы Россия армиясынын борбордук залында өткөн

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Казакстандын "Спарта Номад" командасы КВНдин жогорку лигасынын чемпиону аталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

 

 

Жогорку лиганын финалында "Спарта Номад" (Астана), "Плюшки" (Тверь), "Радио Свобода" (Ярославль), "Раисы" (Иркутск) жана Москва циркинин командалары катышкан.

Калыстар тобунун курамына Юлий Гусман, Татьяна Навка, Михаил Галустян, Семен Слепаков, Сергей Гармаш жана Андрей Бурковский кирген.

Курама командалар төрт конкурста сыналган. Анын жыйынтыгында, "Спарта" — 17,2 упай, "Радио свобода" — 16,8, "Раисы" — 16,1, "Плюшки" — 16,1, Москва цирки — 15 упай топтогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0