Кыз Жибектин Төлөгөнү эми махабат ырын ырдабайт. Актер Куман Тастанбеков дүйнө салды

© Sputnik / Подгорный / Медиабанкка өтүү"Кыз-Жибек" тасмасынан кадр. Архив
Кыз-Жибек тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыз Жибек" тасмасындагы Төлөгөндүн ролун аткарган Куман Тастанбеков Мангистау облусунда каза болуп, кечээ сөөгү Алматы шаарына жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Белгилүү казак актеру, айтылуу "Кыз Жибек" тасмасында Төлөгөндүн ролун аткарган Куман Тастанбеков 75 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу актер каза болгон Мангистау облусунун акимине шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

© Фото / пресс-служба акима Мангистауской области РККазахский актер Куман Тастанбеков
Казахский актер Куман Тастанбеков - Sputnik Кыргызстан
Казахский актер Куман Тастанбеков

Маркумдун сөөгү жекшемби күнү Алматы шаарына жөнөтүлгөн.

Анын үй-бүлөсүнө президент Нурсултан Назарбаев көңүл айтты.

"Тастанбековдун театр жана кинонун өнүгүүсүнө кошкон салымы, жаштарга көрсөткөн үлгүсү ат көтөргүс. Анын жаркын элеси өмүр бою элдин эсинде каларына ишенем", — деп жазылат президенттин катында.

КРдин эмгек сиңирген артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Марат Козукеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Театр бош калды! Актер Марат Козукеев тууралуу 7 факты
Куман Тастанбеков 1945-жылдын 10-мартында Талды-Курган облусунда туулган. Курмангазы атындагы Казакстан улуттук консерваториясын аяктаган. "Кыз Жибек", "Өзгөчө күн", "Айман-Шолпан", "Енлик-Кебек" тасмаларынан кийин коомчулукка таанылган.

Ошондой эле актер кыргыз тасмаларында дагы роль жараткан. Куман Тастанбеков ачып берген образдарды Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына тартылган "Саманчынын жолу", "Ак кеме" фильмдеринен көрүүгө болот. Ал тамада Касымдын, экинчисинде Кулбектин ролун аткарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0