Мирзиёев укук коргоо органдарындагы репрессиялык иш-аракеттерди токтотууну сунуштады

© AP Photo / Anvar IlyasovӨзбекстандын "Улуттук коопсуздук кызматынын" аскери. Архив
Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбек лидери Улуттук коопсуздук кызматынын ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзам 26 жылдан бери бир дагы өзгөртүү киргизилбегенин эскерткен

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүндө репрессиялык иш-аракеттерди токтотуу керектигин билдирип "Улуттук коопсуздук кызматы (УКК) жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөрдүкиргизүүнү сунуштады. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

"Улуттук коопсуздук кызматын (УКК) реформалоого убакыт келди. Бул кызмат жөнүндөгү мыйзам иштелип чыгышы керек", — деди Мирзиеёв.

Ошондой эле ал УКК ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзам 26 жыл мурда кабыл алынып, бир дагы өзгөртүү киргизилбегенине басым жасады. Бул аралыкта бул кызматтын укуктары негизсиз кеңейтилип кеткен деген сып-пикирин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0