Казакстанда мамкызматкерлердин аккаунтунан эротикалык сүрөттөр табылды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүПляждагы эс алуучулар. Архив
Пляждагы эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери 54 745 мамлекеттик кызматкердин аккаунту текшерилген

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Социалдык тармактарда Казакстандын эки миңден ашуун мамлекеттик кызматкеринин ичимдик ичип, сөгүнүп жүргөн жана эротикалык сүрөт, видеолору табылды. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги Коррупцияга каршы күрөшүү жана мамлекеттик кызматтардын ишине мониторинг жүргүзүү боюнча агенттигине таянуу менен жазды. 

Младшая дочь президента Узбекистана Ислама Каримова - Лола Каримова - Sputnik Кыргызстан
Лола Каримова ачык сүрөтүн жарыялап өзбекстандыктарды таң калтырууда
Ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, жыл башынан бери 54 745 мамлекеттик кызматкердин аккаунту текшерилген. Алардын ичинен 2 212 кызматкердин аккаунтунан адепсиз делген 2300 сүрөт, 21 видео жана 46 комментарий аныкталган.

Мындан сырткары, жыл башынан бери социалдык тармактарда өзүн адепсиз алып жүргөн 277 мамлекеттик кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган. Ошондой эле жумуш убактысы бүткөндөн кийин кызматтык унааны колдонгону үчүн 112 аткаминер жазаланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0