Түнкү клубда адепсиз конкурс өткөргөн Instagram жылдызы Байзакова камакка алынды

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүЧемпионат Забайкальского края по бодибилдингу
Чемпионат Забайкальского края по бодибилдингу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандык Айжан Байзакова түнкү клубда кыздар арасында кийим чечүү конкурсун өткөргөн

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Казакстандык Instagram жылдызы Айжан Байзакова бейбаштык кылганы үчүн үч суткага камалды. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги Алматынын Ички иштер департаментине (ИИД) таянуу менен билдирди. 

Алматы ИИДнын расмий өкүлү Салтанат Азирбектин айтымында, Байзакова коомдук жайда иш-чара өткөрүп коомдук тартипти жана этикалык нормаларды бузган. Анын ишин райондор аралык сот карап, үч суткага камакка алуу чечимин чыгарды. 

“17-декабрда А.Байзакова түнкү клубда кыздар арасында кийим чечүү конкурсун өткөргөн. Ошондой эле айлансындагыларга адепсиз мамиле жасап коомдук тартипти сактаган эмес”, — деп айтылат маалыматта. 

Аталган видео соцтармакка жарыяланган. Анда бир кыздын дырдай жылаңач турганы жана алып баруучунун башкаларды да конкурска катышууга чакырып жатканы көрүнүп турат. Сынактын шартында жылаңачтанып чечинген кызга 50 миң теңге байге сунушталган. 

Мындан улам казакстандыктар ага чара көрүүнү талап кылып чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0