Назарбаев Казакстандын сайттарына анонимдүү пикир калтырууга тыюу салды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКомпьютерде иштеп жаткан кыз. Архив
Компьютерде иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандагы сайттардын ээлери комментарий калтыргысы келген интернет колдонуучулар менен келишим түзүүгө милдеттендирилди

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөдөгү маалымат сайттарына анонимдүү пикир калтырууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. 

Ага ылайык, мындан ары интернет колдонуучулар Казакстандагы маалымат агенттиктерине аты-жөнүн жашырып комментарий жаза алышпайт. Сайттын ээлери колдонуучулар менен электрондук өкмөттүн порталы же SMS аркылуу идентификациядан өтүү боюнча келишим түзөт.

"Мамлекет башчы маалымат жана коммуникация маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин маалымат жана коммуникация министри Даурен Абаев билдиргендей, мындай өзгөртүүлөр социалдык тармак аркылуу социалдык жана улуттар аралык кастыкты козуткан билдирүүлөр көбөйүп кеткенине байланыштуу кабыл алынды. Анткен менен мындай норма башка ат менен комментарий калтырууга тыюу салбайт, бирок портал каймана аттын артында ким отурганын биле алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0