Өзбекстан текстили сыртка Мade in Uzbekistan эмес, эми Uztextile болуп чыкмакчы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүШвейная фабрика "Синар" в Новосибирской области
Швейная фабрика Синар в Новосибирской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу мамлекет жеңил өнөр жай тармагынын продукцияларын дүйнөлүк базарга жаңы маркировка менен чыгарууну пландап жатат

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Өзбекстан текстиль продукцияларын жакынкы аралыкта Uztextile маркировкасы менен экспорттойт. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазып чыкты.

"Өзтекстильпром" ассоциациясынын төрагасы Илхом Хайдаровдун айтымында, жаңы маркировка учурда колдонулуп жаткан Made in Uzbekistan маркасын толугу менен алмаштыра алат. 

"Биз өлкөдөгү ишканаларды бирдиктүү маркировка менен иштөөсүнө көмөктөшкөнү жатабыз. Мунун аркасында алар экспортко чыгаруудагы жеңилдиктерди колдоно ала алат. Учурда россиялык өнөктөштөр менен биздин продукцияларды ал жакка көйгөйсүз жеткирүү маселесин карап жатабыз", —деди Хайдаров. 

Бул маселе боюнча учурда өзбектсандык ведомстволор маркировканын талаптарын иштеп чыгууда. Аталган демилге ишке ашса, өзбекстандык ишканалар Евробиримдик, АКШ, Япония жана Түштүк Корея базарларына ылайыктап, өз продукциясынын сапатын жолго сала башташат.

Жаңылыктар түрмөгү
0