Кытайда 18 саат тынбай иштеген дарыгер каза болду

© AFP / DOMINIQUE FAGETОперация убагына. Архив
Операция убагына. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер аял кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, бир күндөн кийин үзүлгөн

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Кытайда 18 саат тынбай иштеген дарыгер аял Чжао Бянсян өлүп калганын Asia One басылмасы жазып чыкты.

Больница Эдуарда Херрио в Лионе. Франции - Sputnik Кыргызстан
Келер бекен? Чет элдиктердин өмүрүн сактап жүргөн кыргызстандык ак халатчандар
Каргаша Шанси провинциясында болгон. 29-декабрда 43 жаштагы дарыгер бейтаптарды карап жүрүп жыгылып калган. Дарыгер аялды кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырышканы менен кийинки күнү каза болгон. 

Ал мээсине кан тамып каза тапкан.

Кесиптештери Бянсянды эмгекчил, өзүнүн ишин мыкты билген адис катары эстешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0