Бороон-чапкындан Астанада аэропорт, көчө, мектептер жабылды. Борошонун видеосу

© Sputnik / Сергей Красноухов / Медиабанкка өтүүСнежный циклон в Южно-Сахалинске
Снежный циклон в Южно-Сахалинске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министрлиги кырдаалга көз салып элге өз маалында маалымат берип жатат

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Астанадагы бороон-чапкындан улам коммуналдык кызматтар күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү. Ошондой эле калаадагы аэропорт жабылып, бир нече райондордо жарык берүү үзгүлтүккө учурады. Шаар ичиндеги каттамдар дагы токтотулду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Учурда көчөлөрдү 1800дөн ашык жумушчу менен 1300 атайын техника тазалап жатат.

Ал эми мектеп окуучулары менен 1-2-курстун студенттери сабакка убактылуу барбай турган болушту.

Мындан тышкары, аэропорттогу бир нече каттам токтотулуп, кийинчерээк аба бекет жабылууга аргасыз болгон.

Ички иштер министрлиги болсо кырдаалга көз салып элге өз убагында маалымат берип жатат.

Калаанын тургундары менен коноктору жаратылыш кубулушунун сүрөт, видеолору менен бөлүшүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0