Казакстандыктар кандай машинаны жактырары аныкталды

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр Казакстанда Toyota үлгүсүндөгү автоунаа эң көп сатылган

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. 2017-жылдын жыйынтыгы менен казакстандыктар 1,12 миллиард долларга 46 миң жаңы жеңил автоунаа сатып алышкан. Бул тууралуу Sputnik Казакстан "КазАвтоПром" ишканасына таянуу менен билдирди.

2017-жылы 46 377 автоунаа сатылган. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 5,8 пайызга көп.

"Былтыр Казакстанда автомобиль тармагында 2014-2016-жылдагы төмөндөөдөн кийин биринчи жолу өсүш байкалды", — деп айтылат маалыматта.

Машиналарды краш-тесттен өткөрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жол кырсыгы учурунда ээсин аман алып калчу машиналар. Рейтинг
Өткөн жылдын жыйынтыгы менен казакстандыктар Toyota үлгүсүндөгү автоунааны көп алышкан. Бир жылда өлкө аймагы боюнча 9 252 даана машина сатылган. Экинчи орунда Lada моделиндеги (8 729 машина) автоунаа турат. Үчүнчү орунга Ravon (4 621 машина) чыккан. Андан кийинки орундарды Hyundai (3 642) менен GAZ (2 611) үлгүсүндөгү машиналар ээлеген.

Жеңил автоунаалардын ичинен биринчи орунга Toyota Camry (3 334 даана машина сатылган) чыкса, экинчини Lada 4x4 (3 029), үчүнчү орунду Ravon Nexia (2 486) алды. Андан сырткары, казакстандыктар Lada Granta (1 772) менен Lada Largus (1 658) автоунааларын көп сатып алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0