Казакстандык жубайлар өз үйүндө карылар үчүн пансионат ачты

Жазылуу
Учурда Назаровдордун үйүндө 34 киши жашайт

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Казакстандын Усть-Каменогорск шаарынын тургуну Елена менен Андрей Назаровдор өз үйүн карылар үчүн пансионат кылып жасашты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Үч баласы менен калган жалгыз бой аял Айжамал Мамырова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ата Журтка тийсе экен деп керегим... Элеттиктердин элге жаккан иштери
Кароосуз калган кары адамдарды Андрей менен Елена төрт жыл мурда кабыл алган. Майыптардын коляскасында 25 жыл отурган Елена директор жана кары кишилерди караган кызматкер болуп алган. Ага карылар үчүн үй ачууну таанышы сунуштаган.

Пансионат 2014-жылы ачылган, ал медициналык мекеме болуп саналбайт. Бул жерде социалдык-тиричилик кызматы гана көрсөтүлөт. Дарыгер анын жардамы керек болгон учурда гана чакыртылат.

Жубайлар алгач бир-эки гана кары адамды кабыл алып, аларга жардам беришкен. Бирок бул жакка келүүнү каалагандардын саны көп болгондуктан Назаровдор кызынын үйүнө да атайын бөлүмчө ачышкан. Кийин үйдү жашы улууларга ылайыктап кеңейтишип, мончо, ашкана курушкан.

Учурда бул жайда 34 киши жашайт. Алардын 13үнүн саламаттыгы жайында болсо, 21 киши оорулуу болгондуктан кароого муктаж. Бул жерде жашагандардын көбү 80 жаштан өткөндөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0