Назарбаевдин резиденциясынын дарбазасын сүзгөн полиция кызматкери иштен алынды

© AFP / JACQUES DEMARTHONАвтосалон в Париже
Автосалон в Париже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган иш боюнча кызматтык иликтөө жүргөн

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Porsche Cayenne унаасын айдаган полиция кызматкери казак президентинин Астанадагы резиденциясынын дарбазасын сүздү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. 

Porsche Cayenne унаасы Акордонун дарбазасын кагып алгандан кийинки сүрөттөр 17-январь социалдык тармактарга тараган.

Астана шаардык ички иштер департаментинин маалымат кызматы аталган факты боюнча ички иликтөө болгонун айтты.

"Атайын батальондун инспектору, полициянын ага лейтенанты Е.Иманбеков Достык көчөсү менен келе жатып, жолдун тайгагынан унааны башкара албай калган. Жыйынтыгында дарбазаны сүздү, бирок тосмого катуу зыян келтирилген жок", — деп айталат полициянын билдирүүсүндө.

Работа сотрудников патрульной милиции - Sputnik Кыргызстан
Ошто кырсыктаган милиционердин диабети аныкталса, дартты жашыргандар жазаланат
Маалыматка караганда, кырсыктан эч ким жабыркаган жок.

Окуянын күнөөкөрү Е.Иманбеков жана анын жетекчиси, полициянын капитаны Г.Жумахметов кызматтан алынды.

Мындан тышкары, кол алдындагыларга карата тарбиялык иштерди начар уюштургандыгы үчүн аталган кызматтын жетекчилиги дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0