Денесинен 16 ийне табылган ымыркай. Дарыгерлер баланын абалын айтып берди

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүВ отделении выхаживания недоношенных новорожденных
В отделении выхаживания недоношенных новорожденных - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ымыркай энеси менен реанимация бөлүмүндө жатат

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Денесинен 16 кийим тигүүчү ийне табылган ферганалык ымыркайдын өмүрүн сактап калуу үчүн дарыгерлер бардык күчүн жумшап жатат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазып чыкты.

Буга чейин ымыркайга Ташкенттеги медициналык чукул жардам республикалык илимий борборунда операция жасалып 13 ийне алынган. Ал эми калган үчөө али баланын денесинде.

Медициналык борбордун дарыгерлеринин бири ымыркай учурда реанимация бөлүмүндө экенин билдирди.

"Операция жасоо абдан оор болду. Учурда дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп жатат. Бирок абалы оор бойдон калууда. Ымыркай узак убакыт наркоз алдында жаткан", — деди дарыгер.

Анын айтымына караганда, учурда баланын ата-энеси Ташкентте. Энеси баласынын жанында болушу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Чыгымдардын бардыгын мамлекет камсыздап жатат.

Төрөт үйүндөгү ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ымыркайлар үшүп калган жокпу? Балдар, төрөт үйлөрүндөгү абал кандай
22-январда РИА Новости агенттиги Фергана облусунун дарыгерлери ымыркайдын денесинен ийне таап чыкканын жазган.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү анализдерден кийин ийнелер ымыркайдын организминде 1-1,5 жарым айдан бери жүргөнү аныкталганын маалымдаган.

Медициналык борбордун балдар бөлүмүнүн жетекчиси Хабибулла Акимов kun.uz басылмасына ийнелер ымыркайдын денесинин ар кайсы бөлүгүндө болгонун айтып, ал анын баарын өзү жутуп алышы мүмкүн эместигин белгилеген.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери аталган факты боюнча иликтөөсүн улантып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0