Кытайда кардан иттин чоң айкели жасалды. Видео

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүПитомник ездовых собак в Карелии
Питомник ездовых собак в Карелии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
100дөй скульптор 60 миң метр куб кардан төрт күчүгү менен жаткан иттин айкелин чегип чыгуу үчүн бир жума убакыт коротушкан

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Күчүктөрү менен жаткан иттин айкели кардан чегилип жасалганын Синьхуа агенттиги билдирди.

Арстан иттин бутун өөп эркелетип... Жүрөк элжиреткен видео - Sputnik Кыргызстан
Арстан иттин бутун өөп эркелетип... Жүрөк элжиреткен видео
Бул айкел Кытай жаңы жылынын алдында жасалган. Анткени санак боюнча кийинки жыл ит жылы болот.

100дөй скульптор 60 миң метр куб кардан төрт күчүгү менен жаткан иттин айкелин чегип чыгуу үчүн бир жума убакыт коротушкан. Эстеликтин бийиктиги 20, туурасы 55,66 метр, ал эми узундугу 120 метрди түзөт.

Кытай жаңы жылы 16-февралдын түнүндө келет. Аны тосуу үчүн элдин баары даярданып, үйлөрүн, жолдорду жана башка имараттарды кооздошот. Бардык жерге кызыл жана сары түстөгү иттин сүрөттөрү илинет. Ал эми дүкөндөрдө оюнчук иттер сатыкка чыгат.

​Окумуштуулар кандай адамдарды ит көп тиштей турганын аныкташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0