Казакстанда 2021-жылдан тарта паспорт латын арибинде бериле баштайт

© Sputnik / Болат ШайхиновПаспорт гражданина Казахстана. Архивное фото
Паспорт гражданина Казахстана. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстанда эми филологдор, окумуштуу-тилчилер мугалимдер менен элди окута баштайт, андан сырткары, бул багытта семинарлар менен лекциялар өткөрүлөт.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Казакстан 2021-жылдан тарта паспорттор менен атуулдун ким экендигин билдирген күбөлүктөрдү латын арибинде берүүнү пландап жатат. Бул туурасында РИА Новости Казакстандын маданият жана спорт боюнча вице-министри Ерлан Кожагапановдун айтканына таянып кабарлады.

Буга чейин Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев этап-этабы менен 2025-жылга чейин казак тилин латын ариби менен жазууга өткөрүү боюнча Жарлыкка кол койгон. Эми казак тилинин латын ариби 32 тамгадан турмакчы.

"Казак тилин латын графикасына өткөрүү боюнча план даярдалып бүттү. Латын графикасынын негизинде казак тилинде туура жазуунун жаңы эрежелери, тексттерди аталган алфавитке сала турган IT-тиркеме иштелип чыгат. Экинчи этабында, 2021-2023-жылдары — паспортторду, атуулдун ким экендигин билдирген күбөлүктөр жана башка документтер казак тилинде, бирок латынча жазылып бериле баштайт", — деп айткан Кожагапанов өкмөттүн жыйынында.

Компьютерде иштеп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызча "жаза албаган" сайттар. Бийлик органдары маалыматын кантип жайылтат
Аткаминер филологдор, окумуштуу-тилчилер мугалимдер менен элди окута тургандыгын, андан сырткары, бул багытта семинарлар менен лекциялар болорун кошумчалады.

2024-2025-жылдары "жергиликтүү аткаруу органдарынын, мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары менен басылмалар латынчага этап менен өткөрүлмөкчү. Андан сырткары, билим берүү уюмдарынын иш кагаздарын бул графикага көчүрүү каралган.

Ал эми Бишкекте 84 бала бакчанын 10у, 95 мектептин 11и гана кыргыз тилдүү. Бул тууралуу Зиялин Жамалдинов парламентте сүйлөп жатып билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0