Казакстан латын арибине кадам таштады. Назарбаев жаңы алфавитти бекитти

© Sputnik / Айгюзель КадирЛатын ариби менен таанышып жаткан адам. Архив
Латын ариби менен таанышып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын жаңы алфавити 32 тамгадан турат, анда апострофтор колдонулбайт

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев казак алфавитин латын тамгаларына которууну бекиткен Жарлыкка өзгөртүү киргизүү боюнча документке кол койду. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

© © ОФИЦИАЛЬНЫЙ САЙТ ПРЕЗИДЕНТА РКНовый вариант казахского алфавита на латинице от 20 февраля 2018 года
Новый вариант казахского алфавита на латинице от 20 февраля 2018 года - Sputnik Кыргызстан
Новый вариант казахского алфавита на латинице от 20 февраля 2018 года

Аны менен кошо мамлекет башчы Казакстандын кириллицадан латын арибине өткөн жаңы алфавитин бекитти.

Документ жарыяланган тарта күчүнө кирет.

Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жакиев: латын арибине өтсөк китеп окубагандар мындан да көбөйөт
Буга чейин Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев этап-этабы менен 2025-жылга чейин казак тилин латын ариби менен жазууга өткөрүү боюнча Жарлыкка кол койгон. Анын негизинде 2024-2025-жылдары "жергиликтүү аткаруу органдарынын, мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары менен басылмалар латынчага этап менен өткөрүлөрү айтылган. Андан сырткары, билим берүү уюмдарынын иш кагаздарын бул графикага көчүрүү каралган.

Аткаминер филологдор, окумуштуу-тилчилер мугалимдер менен элди окута тургандыгын, андан сырткары, бул багытта семинарлар менен лекциялар болорун казак өкмөтү кабарлаган.

Буга чейин Казакстан 2021-жылдан тарта паспортту латына арибинде бере баштаары тууралуу да маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0