Денесинен 16 ийне табылган ымыркайдын видеосу көрсөтүлдү

© AP Photo / Fernando Antonio, FileРаспространение детской микроцефалии в гондурасе
Распространение детской микроцефалии в гондурасе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ымыркайга оор операция жасалган. 6-февралда ал бир жашка толду.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Денесинен операция жолу менен 13 ийне алынган ымыркайды видеого тартууга Ташкенттеги дарыгерлер биринчи жолу уруксат берди. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазып чыкты.

Видеосюжетти Өзбекстан 24 телеканалы жарыялаган.

Профессор Хабибулла Акиловдун айтымында, операциядан бир ай өткөндөн кийин ымыркайдын абалы жакшырган.

"Ымыркайдын абалы жакшыра баштады. Ал өз алдынча дем алып жатат. Өпкөдөгү жасалма аппарат жардамчы катары гана иштөөдө. Бала толугу менен эсине келип, анализдери жакшырды", — деди ал.

22-январда РИА Новости агенттиги Фергана облусунун дарыгерлери ымыркайдын денесинен ийне таап чыкканын жазган.

Боюнда бар келин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзү төрөп баласын катып койгон келин окуянын чоо-жайын айтып берди
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү анализдерден кийин ийнелер ымыркайдын организминде 1-1,5 жарым айдан бери жүргөнү аныкталганын маалымдаган. Кийин операция жасалып 13 ийне ымыркайдын денесинен алынган. Бала дагы бир операцияны азырынча көтөрө албай турганын айткан дарыгерлер калган үч ийне кийин алынарын билдиришкен.

25-январда интернет айдыңында ымыркай чарчап калганы тууралуу маалымат тараган. Бирок ошол эле күнү кайра төгүндөлгөн.

6-февралда ымыркай бир жашка толду.

Жаңылыктар түрмөгү
0