Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун архивдик сүрөтү

Түркмөнстандын президенти 8-мартка карата аялдарга 11 доллардан берет

150
(жаңыланган 18:30 01.03.2018)
8-мартка карата аялдарга президенттин атынан 40 манат берүү салты маркум президент Сапармурат Ниязовдун тушунда калыптанган

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Түркмөнстанда 8-март аялдардын эл аралык күнүнө президент Гурбангулы Бердымухамедов кыз-келиндердин ар бирине 40 манаттан (11 доллар) берет. Бул тууралуу "Нейтральный Туркменистан" басылмасы билдирди.

Президенттин кол койгон буйругуна ылайык, акчалай белек менчик ээсинин формасына карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген аялдарга берилет.

Андан сырткары, 40 манатты пенсия жана жөлөк пул алгандарга, аспирантурада окугандарга, докторантура менен клиникалык ординатурада, президенттин алдындагы мамлекеттик кызмат академиясынын курстарынын угуучуларына дагы берилет.

Президенттин буйругу студенттерге, окуучуларга жана бала бакчалардын тарбиялануучуларына дагы тиешелүү.

8-мартка карата аялдарга президенттин атынан 40 манат берүү салты маркум президент Сапармурат Ниязовдун тушунда калыптанган. Бул акчага Түркмөнстанда жайкы кийим үчүн кездеменин бир бөлүгүн сатып алса болот.

Ал эми кыргызстандыктар 8-мартка карата төрт күн эс алмай болду.

150
Белгилер:
Түркмөнстан, Гурбангулы Бердымухамедов, 8-март, майрам, аялдар
Тема боюнча
2018-жылдагы дем алыш күндөр
Өзбекстан менен Афганистандын чек арасындагы көзмөл пункту. Архив

Афган делегациясы Өзбекстанга келип, сүйлөшүүлөр башталды

76
Бул жолугушуу тууралуу тараптар Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 7-октябрь күнү Кабул шаарына барганда макулдашылган.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Афганистандын убактылуу өкмөт башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Салам Ханафи Өзбекстанга келип, бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Өзбектан ТИМинин расмий өкүлү Юсуп Кабулжановго шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

"Жолугушуу тууралуу тараптар Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 7-октябрь күнү Кабул шаарына барганда макулдашылган. Афган делегациясын убактылуу өкмөт башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Салам Ханафи жетектеп, Өзбекстан делегациясынын башында премьер-министрдин орун басары Сардор Умурзаков турат", — деп айтылат бидирүүдө.

Тараптар соода-экономика тармагын талкуулап, товар жүгүртүү жолдорун биргеликте издешет. Ошондой эле Сурхан — Пули-Хумри электр өткөрүү линиясынын жана Мазари-Шариф — Кабул — Пешавар темир жолунун курулушун баштоо боюнча сөз болору айтылат.

Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен афган элине биринчилерден болуп Кыргызстан кол сунду. Сентябрь айынын соңунда КРдин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулга барып, "Талибан"* өкмөтүнүн ТИМ башчысы Амир Хан Муттаки менен жолуккан. Президенттин маалымат кызматы Масадыков башында турган кыргыз делегациясы Кыргызстан элинин атынан Афганистан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткиргенин кабарлаган.

Афган бийлиги менен Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жарыялаган.

Ал эми октябрь айынын башында Россия талибдерди Афганистан тууралуу "Москва форматындагы" жолугушууга келип кетүүгө чакырды.

Кийин G20 мамлекеттери кезектеги жыйынында кааласа да, каалабаса да талибдер менен иштешип, ал тургай гуманитардык жардам берүүгө мажбур экенин билдиришкен.

* — Кыргызстан жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм

76
Белгилер:
Афганистан, Өзбекстан, жолугушуу, делегация
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Талибдер Афганистандын Жогорку сотун түзгөнүн жар салды
Жапаров: Афганистанда кырдаал курчуп отурса, Борбор Азияда абал кыйындайт

Кыргызстандан барган тасма Алматыда "Мыкты фильм" аталды. Видео

54
Алматыдагы эл аралык фестивалда бишкектик чыгармачыл топ тарткан тасма "Мыкты фильм" номинациясында жеңишке жетти. Бир минуталык чакан тасмада экология темасы көрсөтүлгөн.

Кыргызстандыктар тарткан чакан фильм мыкты деп табылганын фетивалдын PR-менеджери Олеся Колесниченко кабарлады.

Сынактын шарты боюнча, смартфондун камерасына тартылган тасмаларын Кыргызстан, Казакстан, Испания, Түштүк Корея, Япония, АКШ, Россия сыяктуу 16 өлкөнүн өкүлдөрү тартуулаган.

Кыска метраждуу (12 мүнөткө чейин) "Мыкты фильм" номинациясын бишкектик чыгармачыл топ тарткан Present for Future тасмасы утту.

Анда кичинкей кыздын жашыл токойду аралап, чымчыктын үнүнөн рахат алып жүргөнүн көрүүгө болот. Бирок чындыгында ал виртуалдык реалдуулукта жүргөнү, өзү көз айнек тагынып караңгы бөлмөдө турганы көрсөтүлөт.

"Жаратылышка аяр мамиле кылбасак, дал ушундай келечекке туш болобуз", — дейт тасманын режиссеру.

Киноиндустриянын өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу фильмге мыкты деген баа берген.

54
Белгилер:
тасма, фестиваль, Бишкек, Алматы, жеңиш, экология
Тема боюнча
"Акыркы көч" тасмасы Сан-Паулодогу беделдүү сынакта ат салышат
Жаратылыш. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

0
Жекшембиге караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. 17-октябрда дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөнүндө +20...+25, Ысык-Көлдө +12...+17, Нарын жергесинде +14...+19 градуска чейин көтөрүлөт.

Борбор калаада күндүн табы +18...+20, ал эми Ош шаарында +23...+25 градус болору болжолдонду.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Электр энергиясы менен жылуулукка канча төлөйбүз? Күчүнө кирген жаңы тарифтер