Астанада окуучуларды үйүнө, мектепке ташыган атайын автобустар ишке кирди

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүАвтобус. Архив
Автобус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда бул кызматты кыймыл көп болгон көчөдө жайгашкан эки мектептин окуучулары колдоно баштады

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Казакстандын борбору Астанада окуучуларды мектепке ташыган автобустар ишке кирип, жол акы өлчөмү жарыяланды. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги маалымдады.

"Мектеп bus" долбоору №1 автопарк менен биргеликте 5-мартта пилоттук режимди ишке киргизген.

Окуучуларды ташуу кызматына төмөнкүлөр кирет:

Жашаган жерине жакын жердеги чогулуу жайынан алып кетет;

Бир адам баланы автобустун ичине отурганга чейин коштоп барып коопсуздук курун тагууга жардам берет;

Окуучуларды мектептин жанына жеткирип, кайра чогулуу жайына алып келет;

AstraBus тиркемеси аркылуу автобуска көз салып турууга болот

"Окуучуларды ташууга бардык коопсуздук талаптары сакталган жана ыңгайлуу шарттар менен камсыздалган автобустар алынат. Iveco Daily үлгүсүндөгү автобус 17, ал эми Iveco Crossway 58 жүргүнчүгө ылайыкташкан", — деп жазылат маалыматта.

Беш күндүк график менен окуган окуучулар жол акы үчүн айына 20 000 теңге (4238 сом) алты күндүктөр 23 500 теңге (4980 сом) төлөйт. Учурда бул кызматты кыймыл көп болгон көчөдө жайгашкан эки мектептин окуучулары колдоно баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0