Өзбекстандын президенти Мирзиёев Тажикстанга биринчи жолу келди

© Фото / Пресс-служба президента УзбекистанаГосударственный визит президента РУз Шавката Мирзиёева в Таджикистан
Государственный визит президента РУз Шавката Мирзиёева в Таджикистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин маркум президент Ислам Каримов Тажикстанга 18 жыл илгери барган

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстанга биринчи жолу мамлекеттик сапары менен барганын Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги жазды. https://ru.sputniknews-uz.com/politics/20180309/7674535/Mirzieev-Dushanbe.html

Тажик лидери Эмомали Рахмон кесиптеши Мирзиёевди өкмөт мүчөлөрү жана Ардак кароол менен Душанбе шаарындагы эл аралык аэропорттон тосуп алды.

Мамлекет башчылары тар чөйрөдө жана кеңейтилген форматта жолугушууларды өткөрдү.

Бул Мирзиёевдин Тажикстанга болгон алгачкы сапары. Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов расмий сапары менен акыркы жолу 2000-жылы июнда барган. Ал эми Эмомали Рахмон Ташкентке 1998-жылы мамлекеттик иш-чаранын алкагында келип кеткен.

Президент РФ В. Путин принял участие в неформальной встрече глав государств СНГ - Sputnik Кыргызстан
Түрмөгө камайм! Мирзиёев аткаминерлердин тойго баруусуна тыюу салды
Мамлекеттик сапардын алкагында президенттер, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, финансылык, транспорт-коммуникациялык, туризм, маданий-гуманитардык жана аймактар аралык кызматташуу боюнча маселелерди талкуулашат.

9-10-мартта болгон жолугушуунун жыйынтыгында президенттер чогуу билдирүү жасаары пландалган. Жалпысынан 25тен ашык документке кол коюлат.

Ошондой эле бизнес-форум жана Өзбекстандын улуттук өнөр-жайы тууралуу көргөзмө уюштурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0