БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Тажикстандын мамлекеттик мекемелеринде иштеген кызматкерлерге ишемби күнү эртең менен дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап туруу милдети коюлду. Бул тууралуу журналисттерге аталган өлкөнүн Жаштар иши жана спорт комитетинин башчысы Ахтам Абдуллозод билдиргенин Sputnik Тажикстан агенттиги кабарлады.
Маалыматта жазылгандай көнүгүү жасоо идеясы президенттин аткаруу аппаратына таандык.
"Планга ылайык, эртең мененки көнүгүү ар ишемби сайын жыл аяктаганча бардык шаар, райондордо жасалмакчы", — деп жазылат маалыматта.
График боюнча гимнастика жасоону өткөн ишембиде Курулуш жана архитектура комитетинин кызматкерлери баштап берген.
Келе жаткан ишембиде таңкы саат 7:00дө көнүгүү жасоого Теле радио берүүлөр мамлекеттик комитети, Жер бөлүштүрүү комитети, Үй-бүлө жана аялдар комитети, Айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин кызматкерлери жана педагогикалык университеттин студенттери чыгышмакчы.