Өзбекстан төрөт үйүндөгү шаан-шөкөт менен күрөшө баштады

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүТөрөт үйү. Архив
Төрөт үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түшүндүрүү иштери эмитен эле жемишин берип, Ташкентте миңге жакын жаш үй-бүлө төрөт үйүнөн балдарын "ызы-чуусуз" эле чыгарып кетти

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги эне-баланы төрөт үйүнөн чыгарып жаткандагы шаан-шөкөттү токтотуу эрежелерин иштеп чыкканы жатат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги ведомство жетекчиси Алишер Шадмановдун сөзүнө таянып жазды.

"Учурда медициналык мекемелерде акушер-гинеколог, үй-бүлөлүк дарыгерлер жана медайымдар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле кош бойлуу келиндер менен алардын ата-энелерине дагы маалыматтар берилүүдө", — деп жазылат макалада.

Мунун жыйынтыгы эмитен эле жемишин берип, Ташкент шаарында миңге жакын жаш үй-бүлө төрөт үйүнөн балдарын каада-салттан четтебей, бирок "ызы-чуусуз" эле чыгарып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0