Казакстанда эл адында күрөшкөн байбичелер элдин талкуусуна түштү. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный турнир серии Гран-при по борьбе на поясах в Бишкеке
Международный турнир серии Гран-при по борьбе на поясах в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Килем үстүнө чыгып күрөшүп жаткан чоң апалардын видеосу социалдык тармактарга жарыяланып кызуу талкууга алынууда

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Казакстандык байбичелер улуттук оюн болгон казак күрөшү боюнча беттешке чыгышты. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

 

Килем үстүнө чыгып күрөшүп жаткан чоң апалардын видеосу социалдык тармактарга жарыяланып, элдин кызуу талкуусуна алынып жатат.

Мальчик из Кыргызстана, разнимающий дерущихся индюков, — видео покоряет Сеть - Sputnik Кыргызстан
Үндүктөргө арача түшкөн наристе. Жүрөк жылыткан видео
Болжолдуу маалыматтар боюнча, байбичелердин кармашы Атырау шаарында Нооруз майрамын белгилөө учурунда болгон. Видеодон көрүнгөндөй кемпирлер ортого чыгып күрөшүп баштаганда бирөөнүн элечеги башынан түшүп кетет. Бул убакта эл аларды сүрөп, кол чаап турган. Экөө бир мүнөткө жакын кармашып, акыры бири каршылашын жыгып жеңишке жеткен.

Муну көргөндөр эки жаатка бөлүнүп байбичелер үчүн бул "уят көрүнүш" десе, башкалары тескерисинче алдан-күчтөн тайбаганына таң калып жылмаюу менен кабыл алдууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0