Өзбекстанда ажатканага түшкөн iPhone телефонун алам деп үч киши каза болду

© AP Photo / Mahesh Kumar A.Всемирный день борьбы с туберкулезом в Индии
Всемирный день борьбы с туберкулезом в Индии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 25-мартта болгон

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Өзбекстандын Наманган облусунда ажатканага түшүп кеткен iPhone телефонун алам деп газга ууланган үчүнчү киши каза болгонун Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги билдирди.

Работа станции скорой помощи им. А. С. Пучкова в Москве - Sputnik Кыргызстан
Санкт-Петербургда үйдө жалгыз калган кыргызстандык жеткинчек иске ууланды
Белгилей кетсек, 25-мартта саат 22:00дөр чамасында жергиликтүү тургун Рахматов короодогу ажатканага телефонун түшүрүп жиберген. Аны алам деп кошунасын чакырып, анын жардамы менен казылган аңга түшүп, эс-учун жоготкон. Кармап турган кошунасы да газга ууланган. Аларды куткаруу үчүн Рахматовдун атасы да аңга түшүп, газга ууланып калган.

Окуя болгон жерге келген ӨКМдин куткаруучулары ажатканадан үч кишини алып чыккан. Окуя болгон жерден балдар көз жуумп, Рахматовдун атасы ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлердин аракетинен майнап чыкпай ал каза болуп калган.

Өзбекстанда ушундай эле окуя 2017-жылы жайында да катталган. Анда да ажатканага түшүп кеткен телефонду алабыз деп жатып үч киши каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0