Кайрат Нуртас чоңоюп калган балдарын биринчи жолу элге көрсөттү

© Sputnik / Анатолий УстиненкоПопулярный казахстанский певец Кайрат Нуртас
Популярный казахстанский певец Кайрат Нуртас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчы үй-бүлөсүн көп жылдар бою элден жашырып келгенин, бирок угармандары үчүн эң жакын адамдарынын сүрөтүн чыгарганын жазган

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Казакстандын популярдуу ырчысы Кайрат Нуртас социалдык тармактагы баракчасына биринчи жолу төрт баласы жана жубайы менен түшкөн сүрөтүн жүктөдү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

"10 жыл бою үй-бүлөмдү элден жашырып келдим. Себеби алардын тынч жашоосун каалагам. Жубайым менен балдарым эч нерсеге алмаштыргыс байлыгым. Урматтуу менин күйөрмандарым, сиздерге жакындарымды көрсөтүүнү чечтим. Бардыгы сиздер үчүн", — деп аткаруучу сүрөттүн алдына жазган.

Нуртастын жубайы Жулдыз Айдарбекова төрт баланын апасы. Улуу кыздарынын аты — Сезим жана Алау. Ал эми ортончу баласынын аты Нарул болсо, кичүүсүнүкү — Хан.

Ырчынын жубайы Жулдыз Киносынчылар ассоциациясы тарабынан "Когда ангелы спят" тасмасындагы ролу үчүн эң мыкты актриса катары таанылган. Ал 14-апрелде 30 жашка толот.

Жаңылыктар түрмөгү
0