Тапанча. Архивдик сүрөт

Актөбөдө бустун ичинен ок жеген киши тойго бараткан. Окуянын чоо-жайы

1224
(жаңыланган 23:39 07.04.2018)
Белгисиз адамдар маңдайкы терезени аткылашкан.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Казакстандын Актөбө шаарына жакын жердеги КР номерлүү Sprinter унаасынын аткыланышы боюнча маалымат таратты.

Эскерте кетсек, окуя тартылган видео жергиликтүү ЖМКларга жарыяланып, анда айдоочунун кыргыз тилинде сүйлөп жатканын угууга болот.

ИИМдин маалыматы боюнча бустун ичинен ок жеген киши Тажикстанда төрөлгөн Россиянын жараны болуп чыккан.

"6-апрелде 30 жаштагы кыргызстандык киши ак түстөгү Mercedes-Benz унаасы менен орус-казак чек арасын "Жайназ-авто" посту аркылуу кесип өткөн. Ошол эле маалда досу да башка унаа менен чек арадан өтөт. Болжол менен саат 17.00дөрдө бустун айдоочусуна Шымкент шаарына чейин ала кетүүсүн суранып, чек арадан жөө өткөн 25 жаштагы киши кайрылат. Тажикстанда төрөлгөн россиялык жаран болуп чыккан жүргүнчү мекенине тойго бара жатканын айткан", — деп жазылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Кечинде бустун айдоочусу унаасы Акшат айылынын тушуна таштап, досу экөө Актөбө шаарына жумуштап кетип калган. Саат 01.50дө унаа ичинде калган киши телефон чалып, белгисиз адамдардын огунан жаракат алганын билдирген.

"Ок чыгаргандар жабырлануучунун акчасын, алтын бумдарын жана документтерин алып кеткен. Өзү аймактык ооруканага жаткырылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгисиз адамдардын кол салуусунан кыргызстандык жарандын мүлкүнө да зыян келтирилген. Окуя болгон жерде аймактык укук коргоо орган өкүлдөрү иштеп, учурда териштирүү жүрүп жатканы айтылды.

Буга чейин ТИМдин расмий өкүлү окуянын себептерин Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги тактап жатканын кабарлаган.

1224
Белгилер:
ок атуу, микроавтобус, ИИМ, Актөбө
Тема боюнча
Ноокат: айылдаш кыздарды коруган балдар бир кишинин өмүрүн алды. Эки окуянын чоо-жайы
Казакстанда КР номерлүү Sprinter унаасынын аткыланышы такталып жатат
Тейлөө кызматкерлер жолду белгилөө учурунда. Архив

Кырсыктарды алдын алуу үчүн Алматыда өзгөчө жол белгисин чийүү пландалууда

27
(жаңыланган 13:36 27.09.2020)
Шаардык административдик полиция башкармалыгынын жетекчиси Жандос Мураталиев кызыл түстөгү жол чийин айдоочулардын көңүлүн өзүнө бурат деп эсептейт.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Алматы шаарында авариялык кооптуу делген жерлерге кызыл түстөгү жол белгисин чийүү пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Шаардык административдик полиция башкармалыгынын жетекчиси Жандос Мураталиевдин айтымында, жол белгилерин чийүүдө азыр ар кандай инновациялык материалдар колдонулууда. Ошондой эле ак, сары, жашыл, кара сыяктуу ар кандай түстөр да кеңири пайдаланыла баштаган. Бирок натыйжаны күчөтүү максатында кызыл түстү да колдонуп көрүү каралууда.

"Кызыл түстөгү чийин — айдоочулардын көңүлүн буруудагы эң натыйжалуу ыкма", — деди Мураталиев.

Кызыл жол чийинин шаардагы кооптуу делген жерлерге колдонуу пландалып жатканы кошумчаланды.

27
Белгилер:
коопсуздук, кырсык, жол чийин, Алматы
Тема боюнча
Жолдун экинчи катарынан кайсы учурда кайрылса болот? Айдоочуга кулак кагыш
Коргоочу костюм кийген медицина кызматкери. Архив

Куш тумоо эпидемиясы Кыргызстандын чек арасына жакындап келе жатат

277
Маалыматка караганда, Казактандын Кыргызстан менен чектешкен Жамбыл облусунан 238 канаттуу өлдү (алтоо акыркы суткада).

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Казакстандын түндүгүндө чыккан куш тумоо эпидемиясы өлкөнүн Кыргызстан менен чектешкен аймагына чейин жетип келди.

Эске салсак, Казакстанда куш тумоосу 9-сентябрь күнү расмий катталган. Өлкө бийлиги бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна маалымат берип, айрым айылдар карантинге жабылган.

Sputnik Казакстан агенттигини жазганына караганда, өлкөнүн Кыргызстан менен чектешкен Жамбыл облусунан 238 канаттуу өлдү (алтоо акыркы суткада).

Романов: канаттуулар тумоосу келгин куштар аркылуу жугат

"Акыркы учурда жети облустагы жеке чарбаларда 20 миң, атайын фабрикаларда 203 миң баш канаттуу жок болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Казакстанда жыл башынан бери куш тумоосуна каршы 3 377 900 вакцина даярдалган. Учурда дагы 699 355 доза сатып алынууда.

277
Белгилер:
эпидемия, куш тумоосу, Казакстан
Тема боюнча
Куш тумоосунан улам Казакстан Россия менен чек арасындагы көзөмөлдү күчөттү
Компьютердик томография кабинетинде иштеген лаборант. Архив

Тарыхта биринчи ирет ВИЧтен айыккан адамдан рак аныкталды

0
(жаңыланган 14:39 27.09.2020)
Лейкемия Браунда 2019-жылы кайра пайда болуп, организмине тарап кеткен. Учурда ал Калифорниядагы ооруканада дарыланып жатат.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Тарыхта биринчи ирет ВИЧтен айыккан Тимоти Рэй Браун аттуу бейтаптан дарыгерлер рак оорусун аныктап, ал акыркы стадиясына жетип калганын кабарлашкан. Бул тууралуу РИА Новости Associated Press басылмасына таянып кабарлады.

"Берлиндик пациент" деген ат менен таанымал эркек киши 2007-жылы лейкемия менен күрөшүү максатында сөөктүн чучугун алмаштырган. Жыйынтыгында ал ракты жеңип, ага чейин алышып келе жаткан ВИЧ-инфекциясынан да айыккан.

Ошондон бери анын организминен ВИЧ илдетинин бир дагы белгиси байкалган эмес. Бирок лейкемия 2019-жылы кайра пайда болуп, организмине тарап кеткен. Учурда Браун Калифорниядагы ооруканада дарыланып жатканы маалым болду.

Ак кандын биринчи белгилери кандай болот? Онкологдун жообу

Бүгүнкү күнгө карата ВИЧ инфекциясын толугу менен эки эле адам жеңген. Экинчи бейтапты "лондондук пациент" деп коюшат. Эки учурда тең ооруну жуктуруп алгандар донордун жардамы менен сөөк чучугун трансплантация кылдырышкан.

0
Белгилер:
рак, бейтап, оору, ВИЧ
Тема боюнча
ДССУ: бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрү катаал карантин киргизүүгө даяр турушу керек