Өзбекстандын "Ыкчам почтасы" каттарды каалаган жерге 24 сатта жеткире баштайт

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКат. Архив
Кат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган кызматтын алкагында, ар кандай документтер, иш кагаздары жана кеңири колдонулган тиричилик товарлары Өзбекстандын аймагындагы көрсөтүлгөн дарекке 24 саат ичинде жетмекчи

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. 10-апрелден тарта Өзбекстанда "Тезкор почта" (Ыкчам почта) кызматынын пилоттук долбоору башталат. Бул тууралуу "Узбекистон почтаси" ишканасына шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Аталган кызматтын алкагында ар кандай документтер, иш кагаздары жана кеңири колдонулган тиричилик товарлары Өзбекстандын аймагындагы көрсөтүлгөн дарекке 24 сааттын ичинде жетмекчи. Бул үчүн "Узбекистон почтаси" ишканасы алар көздөгөн жакка бара жаткан унаа, поезд жана учак кызматтарын пайдаланат.

"Алгач долбоор 15 почта түйүнүндө ишке ашырылып, акырындык менен бүт өлкөгө жайылат. Жарандар үчүн кызмат көрсөтүү жеткиликтүү баада болот", — деп жазылат макалада.

Ал эми кат, документ же жүктүн жеткени боюнча күтүп жаткан адамга телефон аркылуу кабар берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0