Илхам Алиев кайрадан Азербайжандын президенти болуп шайланды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүАзербайжандын учурдагы президенти Илхам Алиев. Архив
Азербайжандын учурдагы президенти Илхам Алиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоо шаршемби күнү өткөн

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Азербайжандын учурдагы президенти Илхам Алиев президенттик шайлоодон утуп чыгып, кайрадан өлкө башчылыкка шайланды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын президенти кимди ишке дайындап, кимди иштен ала алат
Маалыматка ылайык, бардык шайлоо участкаларынан алынган маалыматтардын жыйынтыгы боюнча Алиев шайлоочулар добушунун 86,03 пайызын алганын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мазахир Панахов айтты.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо Азербайжанда шаршемби күнү өтүп, өлкө башчы болууга сегиз талапкер ат салышкан. Боршайкомдун билдиришинче шайлоого катышкандар 74,51 пайызды түзүп, 3 миллион 962 миң 123 киши өз добушун берген.

Азербайжандын шайлоо кодексине ылайык, Боршайком 21-апрелге чейин шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, бекитүү үчүн Конституциялык сотко тапшырышы кажет. Алар 14 күндүн ичинде президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын коомчулукка маалымдоого милдеттүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0