Эмомали Рахмон учуп бараткан тик учак тоо арасында "жоголуп" кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековТажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архив
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстандын президенти Нооруз майрамын белгилөө үчүн Согди облусунун Пенджикент районуна бармак.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон учуп бара жаткан тик учак тумандуу аба ырайынан улам тоо арасында үч сааттай "жоголуп" кеткен. Бул туурасында Sputnik Тажикстан агенттиги өлкөнүн президентинин жана өкмөтүнүн "Джумхурият" расмий басылмасына таянуу менен жазып чыкты.

Президент Таджикистана Эмомали Рахмон - Sputnik Кыргызстан
Эмомали Рахмон 65 жашта! Тажикстандын башчысы тууралуу 9 факты
Рахмон 28-мартта Нооруз майрамын белгилөө үчүн Согди облусунун Пенджикент районуна бармак. Ал жакка эртең мененки саат 8.30да конушу керек болчу. Бирок белгисиз себептер менен майрамдык иш-чара түшкүгө жылдырылган. Андан эки жума өткөндөн кийин гана тажик бийлиги президенттин вертолету аба ырайына байланыштуу абадан жолун таппай үч сааттай адашып кеткенин билдирди.

Өлкө башчыны коштоп барган журналист А.Асадзоданын айтымында, президентти эки жарандык жана эки аскердик вертолет коштоп бармак болгон. Бирок эки аскер тик учагы алдында учуп кетип ашуулардагы аба ырайы учууга ылайыктуу экенин маалымдаган. Андан соң президенттин делегациясы жөнөп кеткен.

"Болжол менен 35 мүнөт өттү, бул убакта Пенджикенттин аэропортуна конушубуз керек эле. Кыштактарды карайын деп терезеден баш баксам тоодон башка эч нерсе көрүнбөй койду. Тоолордун арасына кантип барып калганыбызды түшүнбөй калдым. Анан турган жайыбызды аныктоо үчүн тик учак улам өйдөлөй берди. Ошондо гана Майхура ашуусундагы Варзоб капчыгайына келип калганыбыз белгилүү болду. Президенттин делегациясы жолун таппай капчыгайда айланып жүрө берген экенбиз. Мындан улам аргасыз конуу чечими кабыл алынды", — деп айтып берген журналист.

Өлкө башчынын күтүлбөгөн жерден бир айылга түшүп калышын жергиликтүүлөр байкабай калган эмес. Эл дароо тик учактын жанына чогулуп, бир аял адашып келген конокторго нан, чайын көтөрүп келип азыктандырган. Рахмон унаа менен райондун борборуна барып, андан ары аскердик вертолет менен учуп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0