Душанбе-2 ТЭЦи. Архив

Тажикстан ТЭЦ куруп берген Кытайдан алтын кенин берип кутулду

840
(жаңыланган 14:45 18.04.2018)
Кыргызстан менен Тажикстан кытай насыяларынын эсебинен башкы шаарларындагы жылуулук борборлорун модернизациялаган.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Тажикстандын бийлиги "Душанбе-2" ТЭЦин куруп берген Кытайга Жогорку Кумарг алтын кенин бергенин Sputnik Тажикстан билдирди.

Согди облусундагы кенди 100 мегаваттык кубаттуулуктагы жылуулук электр борборун куруп берген ТВЕА компаниясы иштетмекчи. Долбоорго жалпы жонунан 350 миллион доллар сарпталып, анын 330 миллионун Кытай насыя түрүндө берген.

Тажикстандын өкмөтүнүн алдындагы Геология башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча компания ТЭЦ салынган акчаны актап алгыча алтын казат. Карыз жоюлгандан кийин жаңы келишим түзүлөрү айтылды.

Өлкө бийлигинин бул чечими боюнча кытай таануучу, эксперт Федор Долгачев пикирин билдирди.

"Кытай Борбордук Азиядагы бардык мамлекеттерди өзүнө "каратып" алгысы келүүдө. Ал эми аталган өлкөлөр өз багытынан жазбоого тырышып жатат. Бирок кытайлыктар бул мамлекеттердин экономикасына жакшы эле кийлигишкенин байкоого болот", — деди ал.

TBEA ишканасынын кызматкерлери. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Тажикстандын Финансы министрлигинин маалыматы боюнча 2017-жылы республиканын тышкы карызы 2,3 миллиард доллардан ашып кетти. Ал эми Кытай алдындагы бересе 1,2 миллиард долларды түзүп, жалпы карыздын дээрлик жарымынан көбү экенин көрүүгө болот.

Эскерте кетсек, былтыр Кыргызстанда да ТЭЦ модернизацияланып, ал 386 миллион доллардын башын жеген. Бул каражатты да Кытай берген. Жылуулук борборунун мурунку жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу кийинчерээк станцияны реконструкциялоодо материалдар менен жабдуулар жогорулатылган баа менен сатып алынганын, ири аварияга химиялык цехтин салынбаганы себеп болгонун айтып чыккан.

840
Белгилер:
насыя, алтын кени, ТЭЦ, Кытай, Тажикстан
Тема боюнча
ТЭЦти жаңылаган кытайлык TBEA ишканасы тууралуу 7 факты
Пикирлер