Караокеде өрт чыгып, 18 адам курман болду. Кытайдагы кырсык

© AFP / STRПожар в доме в Пекине
Пожар в доме в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарым саатка созулган тилсиз жоо бир канча өмүрдү алып кеткен.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кытайдын Цинъюань шаарында түндө караокеден өрт чыгып, 18 адам каза тапты. Бул туурасында РИА Новости полициянын Weibo социалдык тармагындагы расмий баракчасына таянып кабарлады.

Өмүрү менен коштошкондордон сырткары дагы беш киши жаракат алган.

Деятельность Республиканского ожогового центра Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Оштогу өрт учурунда 5-кабаттан секирген кыз комада. Кырсыктын чоо-жайы
Полициянын билдиргенине караганда, өрт чыгары менен куткаруу кызматы, медиктер жана тартип сакчылар дароо барган.

Өрт 00.30дө чыгып, 00.55те өчүрүлгөн. 25 мүнөттүн ичинде тилсиз жоо 18 кишинин өмүрүн алып кеткен. Тиешелүү кызматтар тез жетип барганы менен аларды сактап калууга жетишкен эмес.

Жалындан жабыркагандар ооруканага жеткирилген. Кырсыктын эмнеден чыккандыгы азырынча белгисиз, бирок атайылап өрттөлгөн деген версия айтылууда.

Кечээ Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдө өрт чыгып, 5-кабаттан кыз кулап түшкөн видео тарады.

Жаңылыктар түрмөгү
0