Кытайда кожоюндун унаасын "айдай качкан" ит дүкөндү талкалады. Видео

Жазылуу
Ээсинин автоунаасынын ичинде калган ит жакын жайгашкан дүкөндүн эшигин талкалай сүзүп, ичине кирип кеткен. Бул тууралуу видео интернетке тарап, кызуу талкуу жаратууда.

The Daily Mail басылмасынын жазганына караганда, окуя Чжэцзян провинциясындагы Тайчжоу шаарында болгон.

Кытайда аялдын башына асмандан ит кулап, ооруканага түштү. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кытайда "асмандан" кулаган ит башына тийген аял ооруканага түштү. Видео
Көрсө, айдоочу унааны дүкөндүн жанына токтотуп, моторун өчүрбөгөн бойдон кетип калган. Ошол маалда ичинде калган ит капысынан газды басып алып, унаа дүкөндү аралап кирип кеткени айтылды.

Маалыматка караганда, ит жабыркаган эмес.

Бул окуя боюнча интернет колдонуучулар ойлорун жазып, тамашалаган пикирлерин калтырган. Ал тургай  бирөөлөр иттин мас  же соо экендигин текшериш керек деп башкаларды жылмайткан.

Баса, жакында эле Кытайда итке байланышкан дагы бир кызыктуу окуя болгон. Анда аялдын башына "асмандан" ит кулап,  берки ооруканага түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0