АКШ Казакстанга аскер базасын ачабы? Элчиликтин жообу

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүУчения корабельных сил Каспийской флотилии
Учения корабельных сил Каспийской флотилии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дипломатиялык өкүлчүлүк Американын аскер-деңиз күчтөрү Казакстандын портторун колдоно турганы боюнча тараган маалыматка түшүндүрмө берди.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Казакстандын Россиядагы элчилиги АКШнын аскер деңиз күчтөрү Каспий деңизиндеги Казакстандын портторун колдонот деген маалымат жалган экенин билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Аскердик парад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан дүйнөнүн күчтүү армияларынын тизмесинде 17 сапка жогорулады
Ага ылайык, жалган маалыматтардын тарашына Казакстан менен Американын 2010-жылы 20-июнда кол коюлган эки тараптуу протоколуна киргизилген өзгөртүүлөр себеп болгон.

АКШ өкмөтү менен казак өкмөтүнүн ортосундагы бул келишим Американын Афганистандагы туруктуулукту сактоо жана калыбына келтирүү иштерине катышып жатканы үчүн Казакстан аркылуу өткөн темир жолду коммерциялык түрдө колдонуусун камсыздоо тууралуу болчу.

"Жалпысынан алганда Афганистанда туруктуулукту сактоо боюнча бардык эл аралык коомчулуктун биригүүсү тууралуу сөз болууда. Маалым болгондой буга чейин Россия АКШ менен ушундай эле келишим түзүп, атайын жүктөрдү (аскерге тиешеси жок техника) жеткирүүгө катышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Апрелде Казакстандын сенатынын депутаттары Афганистандагы абалды турукташтыруу үчүн Казакстандын аймагы аркылуу АКШнын катышуусу менен атайын жүктөрдү алып өтүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0