Жаштар менен жарыша кара жорго бийлеген АКШнын Казакстандагы элчисинин видеосу

© Фото / Sputnik / Медиабанкка өтүүВстреча по Сирии в Астане
Встреча по Сирии в Астане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчинин бийлегенин үч саат ичинде 2000ден ашык интернет колдонуучу көргөн

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. АКШнын Казакстандагы элчиси Жорж Крол кара жорго бийледи. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Элчинин бийи дипломатиялык өкүлчүлүктүн расмий баракчасында жарыяланган. Бирок анда тасма качан тартылгандыгы жөнүндө маалымат жазылган эмес.

"Бий менен музыканын тили окшош. Ал аркылуу эмоцияны, маанайды жана маданиятты билдирүүгө болот. Бүгүн бий күнү! Достор бийлейли!" — деп жазылган видеодо.

Жаштарга кошулуп кара жорго бийлөөгө аракет кылган элчинин видеосун үч саатта 2000ден ашык адам көргөн. Учурда ал көрсөткүч 4000ден ашып, анын алдына казак, орус, англис тилинде көптөгөн комментарийлер жазылган.

Кара жорго бийи менен Майкл Жексондун кыймылы канчалык окшош экендигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрүңүздөр

Жаңылыктар түрмөгү
0