Казакстан: мамкызматкерлер смартфон колдонуу укугуна качан жетет

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТелефон кармап турган чиновниктер. Архив
Телефон кармап турган чиновниктер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкөнүн мамлекеттик кызматкерлери 2016-жылдын март айынан бери жумуш ордунда смартфон, планшет жана акылдуу сааттарды пайдалана албай келет.

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Казакстандын маалымат жана байланыш министри Даурен Абаев мамлекеттик органдын кызматкерлери качантан баштап жумуш ордунда смартфондорду колдоно алары белгисиз экенин айтты. Бул тууралуу Sputnik Казактан агенттиги жазды.

"Азыр ушул багытта иштеп жатабыз. Бул маселе камералуу телефондорго тыюу салынган күндөн тарта актуалдуу болуп келе жатат. Бирок ушул убакка чейин идеалдуу чечим табылбай келет. Алдыбызга коюлган тапшырма — коопсуздук менен заманбап тохнологияларды бир катарга коюу", — деди министр.

Республика — Ата-Журт фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Мавлянова: окуучуларга сабакта смартфон колдонууга тыюу салуу керек
Эске салсак, коңшу өлкөнүн мамлекеттик кызматкерлери 2016-жылдын март айынан бери жумуш ордунда смартфон, планшет жана акылдуу сааттарды пайдалана албайт. Аларга тыюу салууга кызматтык маалыматтардын сүрөткө тартылып, WhatsApp аркылуу тарап кетиши себеп болгон. Мамкызматкерлерге чалуулар жана СМС билдирүүлөр гана жөнөтүлгөн жөнөкөй телефондорду колдонууга уруксат берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0