Шамалда учкан купюралар, жанталаша акча чогулткандар. Астанадагы видео

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүКазак тенгеси. Архив
Казак тенгеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты боюнча укук коргоо органдарына билдирүү түшө элек, учурда тасма изилденүүдө.

БИШКЕК, 20-май. — Sputnik. Казакстандык интернет колдонуучулар арасында көчөдө учуп бараткан акчаларды чогулткан адамдардын видеосу тарады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, он миң тенгелик купюраларды Астана шаарындагы көчөлөрдүн биринде чогултуп жүргөн адамдарды окуяга күбө болгон жаран тартып алган.

Анын айтымында, окуя 18-майда Бейбитшилик жана Богонбай Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Көчөдө он миң теңгелик купюраларды эркектер чогултуп жүрөт", — деди видеонун автору.

Аталган факты боюнча укук коргоо органдарына билдирүү түшө элек, учурда тасма изилденүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0