Шавкат Мирзиёев жоокерлеринин дүйнө таанымын кеңейтмей болду

© Sputnik / Ростислав Нетисов / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын аскер кызматкери. Архив
Өзбекстандын аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы аскер кызматкерлеринин руханий-психологиялык даярдыгын жогорулатуу боюнча токтом иштеп чыгууну тапшырды.

БИШКЕК, 21-май. — Sputnik. Жоокер бир мүнөтүн да текке кетирбей, дүйнө таанымын кеңейтүүгө аракет кылышы керек. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түштүк аскер округунун аскер бөлүктөрүнүн бирине барганда айтканын Sputnik Өзбекстан агенттиги жазып чыкты.

Өлкө башчы жоокерлерден кайсы китептерди окуп жатканына кызыкты.

"Аскердик даярдыктан тышкары ар бир жоокер күнүгө китеп окуп, тил үйрөнүп, дүйнө таанымын кеңейтиши керек. Ата Мекен коргоочусу деген сөзгө татыктуу болгула", — деди президент.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Мирзиёев Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын кеңири масштабда белгилөөнү тапшырды
Маалыматта аталган аскер бөлүктө өздүк курам үчүн бардык шарттар түзүлгөнү айтылат.

Өлкө башчы жоокерлер менен баарлашып жатып, бийлик армияны бардык техника, каражат, курал-жарак менен камсыздай турганын белгиледи. Аны менен бирге аскерлердин руханий жашоосу көңүл сыртында калып жатканын кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда Мирзиёев аскер кызматкерлеринин руханий-психологиялык даярдыгын жогорулатуу боюнча токтом иштеп чыгууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0