АКШ доллары. Архивдик сүрөт

Казакстандын сырткы карызы 168 миллиардга жетти. Акчаны эмнеге жумшап жатышат?

637
(жаңыланган 17:13 15.06.2018)
Коңшу өлкө үч жыл ичинде эле чет мамлекеттен 10 миллиард доллар карыз алган.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Казакстандын сырткы карызы соңку үч жылдын ичинде 10 миллиард долларга жогорулап, азыркы тапта 168 миллиард долларга жетти. Бул туурасында коңшу өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Данияр Акишев маалымдаганын Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Улуттук банктын жетекчисинин айтымында, алынган карыздын 62 пайызы мунай-газ долбоорлорун ишке ашырууга жумшалган.

"Сырттан алынган акчалардын 8 пайызы мамлекеттик секторго, 16 пайызы мамлекет көзөмөлдөгөн уюмдарга, 14 пайызы жеке секторлорго коротулат", — деди Акишев, парламенттеги жыйындын жыйынтыгы боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Кыргызстандын жана Кытайдын желектери. Архив
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Ошондой эле учурда казак өкмөтү мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ишканалардын карыз алуусуна көзөмөлдү күчөткөнүн айтып, өз кезегинде каржылык уюмдары сырттан келген карыздарды жөнгө салуу иштерин улантып жатканын кошумчалаган.

Ал эми Кыргызстандын чет өлкөгө болгон жалпы карызы 4 миллиард 80 миллион доллардын тегерегинде.

637
Белгилер:
Тышкы карыз, Улуттук банк, Казахстан
Тема боюнча
Кыргызстандын тышкы карызы бир жылда дагы 337 млн. долларга өстү. Инфографика
Евробиримдик билим берүүнү өркүндөтүү үчүн Кыргызстанга 10 млн. евро берди
Кыргызстан 2016-жылы кимден канча акча алып, кайсы тармакка жумшаган?
Пикирлер