Жамбылда жүргүнчү ташып бараткан поезд рельстен чыгып, бир бала каза болду. Видео

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүПоезд. Архив
Поезд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык тууралуу маалыматты өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитети тастыктады.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Казакстандын Жамбыл облусунда жүргүнчү ташып бараткан поезд рельстен чыгып кеткенин Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. 

kris_p_almaty аттуу Instagram тайпада кырсыкка күбө болгон адамдын видеосу жайгаштырылган. Анда бир нече вагон капталына оодарылып жатканы, адамдардын терезелерден жүргүнчүлөрдү алып чыгып жатканы көрүнүп турат.

Өзгөчө кырдаалдар комитетинин расмий өкүлү Руслан Иманкулов окуя болгонун тастыктады.

"Кызматкерлер ошол жерге бара жатат. Поезд Жамбылдын Шу районунда кырсыктаган. №9 "Байтерек" поездинин сегиз вагону рельстен чыгып кеткен, анын үчөө капталына оодарылып калган. Жабыркагандар тууралуу маалымат такталып жатат", — деди адис.

Ал эми РИА Новости агенттиги кырсыктан төрт киши жабыркаганын, анын ичиндеги бир өспүрүм каза болгонун жазып чыкты. Калган үч жабырлануучу райондук ооруканага жеткирилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0