Төшүнө бычак жеген өзбек мушкери Мурод Хантураевди милиция кармады

Жазылуу
Мурод Хантураев Кыргызстандын Кулатуу эр таймаш федерациясынын WEF ProfFight турниринин оор салмактагы чемпиону.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Ташкентте белгилүү өзбек мушкери Мурод Хантураев кармалганын Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги жазып чыкты.

Хантураев 20-июнь күнү төш жагына бычак жеп шаардык бейтапканалардын бирине түшкөн. Ошондон кийин Ташкент ШИИБи кармаган.

Маалыматка ылайык, ал адамдын саламаттыгына зыян келтирген деп айыпталып жатат.

"Мурод Хантураев менен бир канча жаран 21-июнда шаардын Юнусабад районунда кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Аз жерден бычактап кое жаздады. Лондондо эреже бузган айдоочунунун ажалдан калган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бычактап кое жаздады. Лондондо эреже бузган айдоочунунун ажалдан калган видеосу
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Мурод Хантураев Кыргызстандын Кулатуу эр таймаш федерациясынын WEF ProfFight турниринин оор салмактагы чемпиону. Спорттун дзюдо, бокс, кикбокс, кол таймашы, универсалдык уруш, ушу-саньда түрлөрү боюнча чебер. Спортчулардын рейтингин аныктаган дүйнөлүк Sherdog порталындагы көрсөткүчү 11-3-1 (жеңиш, утулуу, тең чыгуу). 30 жашта, эки баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0