ЖМКлар Кытайда "АК-47нин лазердик түрү" жасалганын жазды

© REUTERS / StringerТренировка солдат Народно-освободительной армии Китая
Тренировка солдат Народно-освободительной армии Китая - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куралдагы батареянын кубаты 1-2 секундада 1000 ирет атканга жетет деп жазышты басылмалар.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Кытайлык окумуштуулар кылымдын укмуштуу куралдарынын бири боло турган, ZKZM-500 деген ат менен легендарлуу "АК-47нин лазердик түрүн" жасап чыгышты. Бул туурасында South China Morning Post сайтында кабарланды. 

Лазердик курал бутага 800 метр аралыктан тиери жана каршылаштын көзүн жабырлантып, кийим менен терини күйгүзүп кетери айтылат.

Басылма "курал терини куйкалап жиберерин, ал эми кийим тез күйө турган кездемеден болсо, киши өрттөнүп да кетерин" жазган.

"Бул жаңы техникага салынган батареянын кубаты 1-2 секундада 1000 ирет атканга жетет. Дагы белгилей кетүүчү учур, аккумуляторду кайра заряддап алса болот. Ал эми куралдын атып жаткандыгын жөнөкөй жарандар байкабай калат. Курал кайсы тараптан атылгандыгын эч ким аныктай албай, бул кокустуктан болгон өлүм катары каралып калышы мүмкүн", — деп жазган басылма.

Ал эми YouTube каналындагы маалыматта бул курал менен терезеден атканда айнек чачырап, талкаланып кетпей, кичинекей гана оюкча (тешик) калары айтылган.

"Салмагы 3 килограмм. Ал үн чыгарбайт, узактан атылышы менен атылганда үндүн чыкпашы барымтадагы адамдарды террорчулардын колунан куткарып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт", — деп айтылган видеодо.

Бул курал тууралуу башка окумуштуулар бир катар пикирлерди айтышууда. Тагыраагы 800 метрлик буга таамай тийишинен күмөн санашкан.

Бир ZKZM-500дүн баасы 15 миң доллардын тегерегинде болору да кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0