200 доллардан ашпайт! Өзбекстанда ырчылардын тойдогу гонорары аныкталды

© SputnikСвадебное торжество
Свадебное торжество - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбек ырчыларынын тойдогу гонорарын мамлекет аныктады

БИШКЕК, 8-Июл. — Sputnik. "Өзбекконцерт" мамлекеттик ишканасы тойлордо ырчылар ала турган гонорардын өлчөмүн бекитти. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, эми ырчылар той ээлеринен 700 миң сумдан (90 долларга жакын) 1,5 миллион сумга (190 доллар) чейин гана акы сурай алат.

"Өзбекконцерт" ишканасы билдиргендей, бул баа элдин мүмкүнчүлүгүн баалап көргөндөн кийин коюлду. Азырынча бул эреже Ташкент шаарында гана колдонула баштады.

Келечекте аны бардык региондорго жеткирип, ар бир артисттин эмгек акысы көрсөтүлгөн тизме таратылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0