Тажикстандагы туристтердин өлүмүн "Ислам мамлекети" өз мойнуна алды

Жазылуу
Саякаттап келгендердин арасында АКШ, Нидерланддар, Франция, Швейцария жана Германиянын жарандары болгон.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюму Тажикстандагы туристтерге кол салуунун жоопкерчилигин өз алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Серия терактов в Индонезии - Sputnik Кыргызстан
Жанкечти бала-чакасы менен кошулуп теракт жасады. Индонезиядан дагы бир видео
Эскерте кетсек, каргаша 29-июль күнү Хатлон облусунун Дангар районунда болгон. Велосипед тээп бараткан жети чет элдик туристти (АКШ, Нидерланддар, Франция, Швейцария жана Германиянын жарандары) кара түстөгү унаа коюп кеткен. Андан кийин айдоочу кайра бурулуп келип, жерге жыгылган адамдарды тебелей баштаган. Унаадан чыккан кишилер жабыркагандарды аткылап, бычактап туруп, окуя болгон жерден из суутуп кетишкен.

Натыйжада төрт киши каза таап, экөө катуу жаракат алганы айтылды. Кол салуудан топтон артта калган бир француз жараны гана соо калган.

Иликтөө иштеринин жыйнытыгында кол салгандар түшүп жүргөн "Део-Леганза" үлгүсүндөгү унаа табылды.

Тажикстандын укук коргоо органдары алгач кылмышка шектүү үч киши кармалганын, кийин беш адам жок кылынганын маалымдады. ИИМдин билдирүүсүндө алар Дангар районундагы Осмондар кыштагында жашырынып жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0