Алматы: баласын таш менен башка чапкан киши кое берүүнү суранып, сотто ыйлады

Жазылуу
4 жашар балага 16-июлда операция жасалган. Дарыгерлер эми экинчиси жакында болорун айтышты.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Алматыда баласын таш менен башка чаап, көчөгө таштап кеткен киши камакка алынганын Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.

Ымыркай көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигрант тагдыры. Энесине 10 айдан кийин кайтарылган ымыркай
Жолдон баланы коюп кеткен айдоочу аны жука төшөккө ороп, жолго таштап кетти делген маалымат 16-июлда полицияга түшкөн. Атасы да арыз менен аймактык милицияга кайрылган. Ал жумушка чыкканда уулу артынан ээрчип алганын байкабай калганын, кырсык тууралуу социалдык тармактан билгенин айткан. Ал киши ЖМК аркылуу кайрылып, жол кырсыгынын күбөлөрү болсо үн катууну суранган. Бирок 1-августта киши полицияга жана коомчулукка калп айтканын билдирип, баласы тил албагандыктан сабап жолго таштап кеткенин айткан.

4 жашар балага 16-июлда операция жасалган. Дарыгерлер эми экинчиси жакында болорун айтышты.

Киши эки айга убактылуу кармоо жайына киргизилди. Сот учурунда эч жакка кетпөө боюнча тил каттын негизинде үйүнө чыгарууну суранган. Баш коргоо чарасы каралып жаткан учурда өңгүрөп ыйлап, жасаган иштерине өкүнүп жатканын айткан. Айрым ЖМКлардын маалыматы боюнча 4 жашар баланын атасы психологиялык саламаттык борборунда каттоодо турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0